Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
ФАО жана CAREC Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук механизминин өнүгүшү тууралуу даректүү тасма тартуулашты. Тасмада Картахена протоколу, мыйзамдарды өркүндөтүү, лабораторияларды өнүктүрүү, тобокелдиктерди баалоо жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жөнүндө сөз болот.
Кененирээк
CARECтин жаңы анимацияланган видеосу жөнөкөй тилде тирүү модификацияланган организмдер, ГМО жана биологиялык коопсуздук принциптери жөнүндө баяндайт, ошондой эле Картахена протоколунун ролу жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын өнүктүрүү менен тааныштырат.
Кененирээк
ЦАРЭКтин Кыргызстандагы филиалынын директору Кубан Матраимов өлкөдө ГМОнун бар экендиги, гендик-модификацияланган продукцияны жөнгө салуу, лабораториялык базаларды өнүктүрүү жана улуттук биологиялык коопсуздук системасынын келечеги тууралуу айтып берди.
Кененирээк
Таласта өткөн улуттук семинарга мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, окуу жайлардын жана фермерлердин өкүлдөрү чогулуп, биологиялык коопсуздук, ГМОну жөнгө салуу жана Кыргызстанда Картахена протоколун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Кененирээк
2026-жылдын 14-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин биологиялык коопсуздук, экология жана инновация маселелерине арналган жыйыны болуп өттү. Катышуучулар «Биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын, биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын өнүктүрүүнү жана өлкөнүн экологиялык туруктуулугун чыңдоо боюнча чараларды талкуулашты.
Кененирээк
ФАО/ГЭФтин Биокоопсуздук Долбоорунун Жетектөөчү комитетинин жыйынында катышуучулар 2025-жылга карата иштердин жыйынтыгын карап, 2026-жылга бюджетти бекитишти жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын мындан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Кененирээк
ФАОнун долбоору биздин кызматкерлердин билимин гана жогорулатпастан лабораториялар үчүн техникалык жабдуулар менен дагы камсыздап жатат. ©ФАО/Евгений Печурин
Кененирээк
Бул видеодо Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук системасын жакшыртуу процесси, анын ичинде Картахена протоколун талкуулоо жана адистештирилген лабораториялардын иши талкууланат.
Кененирээк“Сөздөн ишке” программасынын бул чыгарылышында эксперттер Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук жана ГМО продукциясын көзөмөлдөө маселелерин талкуулашат. ГМО үрөндөрдүн импортун чектөө чаралары, Картахена протоколунун ролу жана тамак-аш азыктарынын сапатын камсыз кылууда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү каралууда.
Кененирээк