Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 27-майында Картахена биокоопсуздук протоколуна кошулуп, тирүү өзгөртүлгөн организмдер (ТӨО) менен коопсуз иш алып баруу боюнча чараларды активдүү ишке ашырып келет.
Порталда биокоопсуздук жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине арналган ченемдик-укуктук документтер, ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери, аналитикалык материалдар, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана билим берүү ресурстары жайгаштырылган.
ФАО жана CAREC Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук механизминин өнүгүшү тууралуу даректүү тасма тартуулашты. Тасмада Картахена протоколу, мыйзамдарды өркүндөтүү, лабораторияларды өнүктүрүү, тобокелдиктерди баалоо жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жөнүндө сөз болот.
CARECтин жаңы анимацияланган видеосу жөнөкөй тилде тирүү модификацияланган организмдер, ГМО жана биологиялык коопсуздук принциптери жөнүндө баяндайт, ошондой эле Картахена протоколунун ролу жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын өнүктүрүү менен тааныштырат.
Ысык-Көлдө биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүүгө арналган эки күндүк улуттук семинар өттү. Катышуучулар санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдашты.