Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
ФАОнун долбоору биздин кызматкерлердин билимин гана жогорулатпастан лабораториялар үчүн техникалык жабдуулар менен дагы камсыздап жатат. ©ФАО/Евгений Печурин
Бишкек – Биологиялык коопсуздуктун генетикалык жактан модификацияланган организмдердин (ГМО) бар жогун көзөмөлдөө маселеси менен түздөн-түз байланыштуу. Мындан улам, бүгүнкү күнү лабораторияларды чыңдоого жана так анализ жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ.
Бул аракеттердин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Кыргызстандагы адистештирилген лабораторияларга ГМОну аныктап жана идентификациялоо үчүн заманбап жабдууларды, керектелүүчү материалдарды, диагностикалык тест комплекттерин тапшырды. Бул жабдыктарды сатып алуу, жеткирүү боюнча БУУнун Долбоордук кызматтар боюнча башкармалыгы (ЮНОПС) жардам көрсөттү.
Техникалык жардам ФАОнун “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык улуттук биологиялык коопсуздук механизмин ишке ашыруу” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Бул долбоор Кыргызстанда 2023-жылдан бери Глобалдык экологиялык фонддун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет. Анын максаты - өлкөдөгү биологиялык коопсуздук боюнча ырааттуу саясатты иштеп чыгууга, ишке ашырууга, жана жөнгө салуучу институционалдык базаны түзүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет.
ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо долбоордун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Айтымында жабдуулар биотехнологиялык продукцияларга мониторинг жасоо, аныктоо жана баалоо, ошондой эле айлана-чөйрөгө, коомдук саламаттыкка келтирилүүчү потенциалдуу тобокелдиктерди талдоодогу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
«Долбоордун алкагында техникалык мүмкүнчүлүктөр жакшырууда. Бул, биринчи кезекте, ГМО жана тирүү өзгөртүлгөн организмдерди (ТӨО) аныктоо үчүн лабораторияларды жабдууну, лаборатория кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу дегенди камтыйт. Бул өз кезегинде Кыргызстанга өлкөнүн экосистемасын, биологиялык ар түрдүүлүгүн терс таасирлерден коргойт, мындан тышкары коомдук саламаттыкка келтирилүүчү коркунучтарды жок кылат», - деп белгиледи ал.
Заманбап жабдуулар төмөнкү лабораторияларга берилди:
Санэпидкөзөмөл департаментинин лабораториялык борборунун башычы Айгүл Жумаканова ФАО долбоорунун улуттук лабораториялык потенциалды чыңдоого кошкон олуттуу салымын белгиледи. Анын айтымында, акыркы эки жылда борбордун адистери өсүмдүк жана сүт азыктарынын курамындагы ГМОну аныктоо ыкмалары боюнча окуулардан өтүшкөн.
"ФАОнун долбоору биздин кызматкерлердин билимин гана жогорулатпастан лабораториялар үчүн техникалык жабдуулар менен дагы камсыздап жатат. Биз спектрофотометр, лабораторияларда колдонулуучу тегирмен, гомогенизатор, ошондой эле башка керектелүүчү материалдар менен бирге тест комплекттерди алдык, бул өз кезегинде тамак-аш азыктарындагы ГМОнун бар жогун аныктоодо үзгүлтүксүз жана жогорку сапатта көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", - дейт.
Жабдуулар лабораториялык анализдин тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана ылдамдыгын камсыз кылат. Бул Кыргызстан үчүн ЖИО менен ГМОну аныктоодо жакшы шарттарды түзүп, өлкөгө эл аралык соода аркылуу кирген курамында ГМО бар азык-түлүктөрдүн, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөп жана аларды туура баалоо үчүн натыйжалуу системаны түзүүгө көмөктөшөт.
Источник: https://www.fao.org/kyrgyzstan/news/detail/fao-provides-laboratories-in-kyrgyzstan-with-modern-equipment-for-detecting-gmos/ky
ФАО жана CAREC Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук механизминин өнүгүшү тууралуу даректүү тасма тартуулашты. Тасмада Картахена протоколу, мыйзамдарды өркүндөтүү, лабораторияларды өнүктүрүү, тобокелдиктерди баалоо жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жөнүндө сөз болот.
Кененирээк
CARECтин жаңы анимацияланган видеосу жөнөкөй тилде тирүү модификацияланган организмдер, ГМО жана биологиялык коопсуздук принциптери жөнүндө баяндайт, ошондой эле Картахена протоколунун ролу жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын өнүктүрүү менен тааныштырат.
Кененирээк
ЦАРЭКтин Кыргызстандагы филиалынын директору Кубан Матраимов өлкөдө ГМОнун бар экендиги, гендик-модификацияланган продукцияны жөнгө салуу, лабораториялык базаларды өнүктүрүү жана улуттук биологиялык коопсуздук системасынын келечеги тууралуу айтып берди.
Кененирээк