Жаңылыктар 02.06.2026

Кыргызстан биологиялык коопсуздук системасын бекемдеп, Картахена протоколун ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүүдө

Кыргызстан биологиялык коопсуздук системасын бекемдеп, Картахена протоколун ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүүдө

Таласта өткөн улуттук семинарга мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, окуу жайлардын жана фермерлердин өкүлдөрү чогулуп, биологиялык коопсуздук, ГМОну жөнгө салуу жана Кыргызстанда Картахена протоколун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бишкек – 29-майда Талас шаарында биокоопсуздук саясатын жана көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу боюнча улуттук семинар өттү. Семинарды Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) менен биргеликте уюштурду.

 

Иш-чара 2023-жылдан бери ФАОнун техникалык колдоосу жана Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) каржылык жардамы менен ишке ашырылып жаткан “Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасында Улуттук биологиялык коопсуздук алкагын ишке ашыруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун максаты – улуттук биологиялык коопсуздук боюнча ырааттуу саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн ченемдик-укуктук жана институционалдык негиздерин чыңдоо.

 

 

 

Иш-чарага Талас облусунун мамлекеттик органдарынын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, билим берүү кызматкерлери, дыйкандар, лаборатория адистери жана эксперттер катышты. Катышуучулар биологиялык коопсуздуктун, ГМОну жөнгө салуунун актуалдуу маселелерин жана аймактарда коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууну талкуулашты.

 

Семинарды ачып жатып, РЭЦЦАнын эксперти Абдымитал Чынгожоев улуттук биологиялык коопсуздук системасын чыңдоонун жана мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, аймактардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

“Биологиялык коопсуздук маселелери бүгүнкү күндө барган сайын актуалдуу болуп баратат. Кыргызстан Картахен протоколунун катышуучусу катары натыйжалуу көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгып, коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатып, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүшү керек. Аймактардын дагы бул процесстерге активдүү катышуусу маанилүү”, - деди Абдымитал Чынгожоев.

 

Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториясынын башчысы Эрмек Курманкулов ГМОну аныктоо жана идентификациялоо боюнча тажрыйбасы менен  тааныштырды.

 

“Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мыйзамдар гана эмес, техникалык база, атайын даярдыктан өткөн адистер, заманбап жабдуулардын болушу да маанилүү. Бүгүнкү күндө көзөмөлдөө жана мониторинг системасы акырындык менен бекемделип жатат”, - деди ал.

 

 

 

 

Семинарда ошондой эле эксперт Марал Сагыналиева ГМОну колдонуунун социалдык-экономикалык аспектилери, анын ичинде туруктуу өнүгүү, гендердик теңчилик жана социалдык интеграция маселелерин айтып берди.

 

Талас облусундагы билим берүү мекемелеринин мугалимдери жаштардын генетика, биотехнология жана биологиялык коопсуздук жаатындагы билимин жогорулатуу зарыл дешти.

 

 

 

 

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун агробизнес, биоэкология жана туризм факультетинин деканы Замира Ташибекова төмөнкүлөргө токтолду: “Бүгүн жаштар заманбап технологиялардын кандайча өнүгүп жатканын,  биокоопсуздук маселелери айлана-чөйрө, айыл чарбасы жана өлкөнүн келечеги үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүшү абзел. Өлкөбүз ФАО жана ГЭФ сыяктуу өнөктөштөрдүн колдоосу менен мыйзам чыгаруу базасын системалуу түрдө өнүктүрүп, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдап жатканы өзгөчө маанилүү. Бул бизге илимий ыкмаларды өркүндөтүүгө, адистерди даярдоону жакшыртууга, биокоопсуздуктун заманбап чакырыктарына натыйжалуу жооп берүүгө мүмкүндүк берет”.

 

Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасынын биологиялык коопсуздук жаатындагы улуттук потенциалын чыңдоого, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык эл аралык милдеттенмелерди аткарууга салым кошот.

Источник: https://www.fao.org/kyrgyzstan/news/detail/kyrgyzstan-advances-biosafety-policy-and-the-implementation-of-the-cartagena-protocol/ky

Башка жаңылыктар

ФАО жана CAREC Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча даректүү тасма тартуулашты Жаңылыктар
15.08.2026

ФАО жана CAREC Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча даректүү тасма тартуулашты

ФАО жана CAREC Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук механизминин өнүгүшү тууралуу даректүү тасма тартуулашты. Тасмада Картахена протоколу, мыйзамдарды өркүндөтүү, лабораторияларды өнүктүрүү, тобокелдиктерди баалоо жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жөнүндө сөз болот.

Кененирээк
"Тирүү өзгөртүлгөн организмдер: эмнени түшүнүү керек?" Жаңылыктар
14.08.2026

"Тирүү өзгөртүлгөн организмдер: эмнени түшүнүү керек?"

CARECтин жаңы анимацияланган видеосу жөнөкөй тилде тирүү модификацияланган организмдер, ГМО жана биологиялык коопсуздук принциптери жөнүндө баяндайт, ошондой эле Картахена протоколунун ролу жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын өнүктүрүү менен тааныштырат.

Кененирээк
24.kg: Жүгөрү, соя, буудай, күрүч. Кыргызстандыктар ГМО кандай продукцияларды колдонушат? Жаңылыктар
20.06.2026

24.kg: Жүгөрү, соя, буудай, күрүч. Кыргызстандыктар ГМО кандай продукцияларды колдонушат?

ЦАРЭКтин Кыргызстандагы филиалынын директору Кубан Матраимов өлкөдө ГМОнун бар экендиги, гендик-модификацияланган продукцияны жөнгө салуу, лабораториялык базаларды өнүктүрүү жана улуттук биологиялык коопсуздук системасынын келечеги тууралуу айтып берди.

Кененирээк
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Глобалдык экологиялык фонд

Глобалдык экологиялык фонд

БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы

БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасы

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциянын сайты

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциянын сайты