Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
ФАО/ГЭФтин Биокоопсуздук Долбоорунун Жетектөөчү комитетинин жыйынында катышуучулар 2025-жылга карата иштердин жыйынтыгын карап, 2026-жылга бюджетти бекитишти жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын мындан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Бишкек – 5-мартта Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жыйындар залында “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык улуттук биологиялык коопсуздук механизмин ишке ашыруу” долбоорунун көзөмөлдөөчү комитетинин жыйыны өттү. Долбоор 2023-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан Глобалдык экологиялык фонддун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты – улуттук биологиялык коопсуздук системасын чыңдоо, биотехнологияны колдонуу менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле биологиялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну колдоого алуу.

Жыйынга министрдин орун басары Алмаз Мусаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Залкар Орозбеков, долбоордун башкаруу комитетинин мүчөлөрү жана ФАОнун адистери катышты. Көзөмөлдөөчү комитеттин мүчөлөрүнө РЭЦЦА, UNOPS, Кыргызстандарт жана Биотехнология институтунун эксперттери жыйынтыктоочу отчетторун беришти.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун өнөктөштөрүнүн 2025-жылга карата финансылык отчетторун, ошондой эле Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи улуттук отчетунун долбоору да каралды.
Жолугушуунун катышуучулары 2025-жылы бир катар маанилүү иш-чаралар аткарылганын белгилешти. 2026-жылга дагы жаңы багыттарды камтыган жана жетишилген натыйжаларды масштабдоону караган дымактуу милдеттер коюлду.
Айта кетсек, өлкөдө “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынган жана бул мыйзамга ылайык, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоболорду иштеп чыгуу башталган. ФАО/ГЭФтин долбоорунун алкагында иштелип чыгып жаткан ченемдик документтер да жоболордун бир бөлүгү болуп саналат, алар 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет деп күтүлүүдө.

РЭЦЦАнын Кыргызстандагы директору Кубан Матраимов 2026-жылы бүткөрүлө турган маанилүү документ - бул Кыргызстандагы заманбап биотехнологиялык продуктыларды башкарууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо экенин белгиледи.
ГМОну аныктоо жана идентификациялоо боюнча ФАОнун эксперт Намазбек Абдыкеримов долбоордун алкагында UNOPS аркылуу алты улуттук лабораториянын кубаттуулугун күчөтүү үчүн жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды сатып алуу каралганын билдирди. Ошондой эле, генетикалык жактан модификацияланган организмдерди аныктоо боюнча лаборатория адистери, ГМО камтыган импорттолгон продукциялардын документтерин баалоо боюнча бажы кызматынын адистери үчүн бир катар окутуу сессиялары өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында, Көзөмөлдөө комитети өнөктөш уюмдардын каржылык отчетторун кабыл алып, 2026-жылга карата долбоордун бюджетин бекитип, Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи улуттук отчетун жактырды. Андан кийин бул документ Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча БУУнун конвенциясынын катчылыгына жиберилмекчи.
Источник: https://www.fao.org/kyrgyzstan/news/detail/interim-results-of-fao-biosafety-project-summarized-and-work-plan-for-2026-outlined/ky
ФАО жана CAREC Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук механизминин өнүгүшү тууралуу даректүү тасма тартуулашты. Тасмада Картахена протоколу, мыйзамдарды өркүндөтүү, лабораторияларды өнүктүрүү, тобокелдиктерди баалоо жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жөнүндө сөз болот.
Кененирээк
CARECтин жаңы анимацияланган видеосу жөнөкөй тилде тирүү модификацияланган организмдер, ГМО жана биологиялык коопсуздук принциптери жөнүндө баяндайт, ошондой эле Картахена протоколунун ролу жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздуктун улуттук системасын өнүктүрүү менен тааныштырат.
Кененирээк
ЦАРЭКтин Кыргызстандагы филиалынын директору Кубан Матраимов өлкөдө ГМОнун бар экендиги, гендик-модификацияланган продукцияны жөнгө салуу, лабораториялык базаларды өнүктүрүү жана улуттук биологиялык коопсуздук системасынын келечеги тууралуу айтып берди.
Кененирээк