Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин ишке ашыруу боюнча долбоордун ведомстволор аралык жумушчу тобу 2025-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата иш-чаралардын планын бекитип, мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө, техникалык потенциалды өнүктүрүүгө жана ГМОну жөнгө салуу системасын чыңдоого басым жасалды.

Бишкек – Ченемдик базаны чыңдоо, илимий потенциалды өнүктүрүү жана ГМО менен иштөөдө ачык-айкындуулукту жогорулатуу Кыргызстан үчүн биокоопсуздук маселелерин өзгөчө актуалдуу кылууда.

Биологиялык коопсуздук тармагындагы жасалып жаткан иш-аракеттердин негизи болуп ФАОнун “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык улуттук биологиялык коопсуздук механизмин ишке ашыруу” долбоору эсептелет. Аталган долбоор Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланып, Кыргызстанга улуттук биологиялык коопсуздукту камсыз кылуудагы улуттук механизмдерди иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашырууну максат кылат.
4–5-декабрда Бишкекте эки жолугушуу өттү: бири ведомстволор аралык жумушчу топтун, экинчиси долбоордун байкоочу комитетинин жыйыны. Жолугушуу биокоопсуздуктун негизги көйгөйлөрүн талкуулоо, долбоорду ишке ашыруу боюнча алдыдагы кадамдарды макулдашуу жаатындагы натыйжалуу платформа боло алды.
Иш-чарага Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борборунун (РЭЦЦА) Кыргызстандагы бөлүмүнүн, ошондой эле биологиялык коопсуздук жана ГМОну көзөмөлдөө үчүн жооптуу негизги мамлекеттик жана адистештирилген мекемелердин өкүлдөрү катышты.
ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев “долбоор тирүү өзгөртүлгөн организмдерди аныктоого жооптуу болгон мамлекеттик лабораторияларды модернизациялоого жана жабдууга, ошондой эле адистердин кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган”, - деди. “Ошондой эле, долбоордун иш-чараларын комплекстүү түрдө жүзөгө ашыруу өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана экосистемаларын ГМОнун мүмкүн болгон терс таасиринен ишенимдүү коргоону камсыз кыла алаарын баса белгиледи”.

Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрө жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев, долбоор биологиялык коопсуздук жаатындагы негизги тоскоолдуктарды жоерун айтып, алар, координацияланган жөнгө салуучу базанын жоктугу, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги жана ГМОну колдонуунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндөгү маалыматтар деп атады.

“Бүгүн биз долбоордун алкагында жасалган жумуштардын жыйынтыгын чыгарып, кийинки жылга пландарды коюп жатабыз. Долбоорду ишке ашырууда көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, жумушчу топ тарабынан көп иштер аткарылды”, - деди ал.

Кыргызстандагы РЭЦЦАнын директору Кубан Матраимов ФАО менен долбоорду ишке ашырууга багытталган келишимдин алкагында аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Учурда ФАО жана РЭЦЦАнын эксперттери улуттук биологиялык коопсуздук механизмдерин иштеп чыгуу, ведомстволор аралык координацияны өнүктүрүү, жөнгө салуучу укуктук базаны жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап жатышат.

Жолугушууга онлайн-форматта долбоордун эл аралык эксперттери кошулду: ФАОнун айыл чарба адиси Кэролайн Старр менен юрист Хуан Лопес Виллар иш-аракеттерди оптималдаштыруу, долбоорлорду андан ары ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын беришти.
Талкуунун жүрүшүндө ошондой эле өлкөдө ГМО/ЖИО боюнча жоболорду иштеп чыгуу жана жаңыртуу маселелери талкууланды. Бул заманбап, координацияланган жана ачык-айкын биокоопсуздук системасын түзөт, ведомстволор аралык кызматташтыкты бекемдейт жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруусуна көмөктөшөт.

Иштин жыйынтыгында катышуучулар долбоордун 2026-жылга карата негизги иш-чараларынын планын бекитишти. Тактап айтканда, келерки жылы Картахен протоколун ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү аяктайт, ошондой эле “Биологиялык коопсуздук” жөнүндө мыйзамдын жоболорун даярдоодо Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлигине колдоо көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, ГМО/ЖИО боюнча илимий, техникалык жана укуктук маалымат алмашуу үчүн негизги платформага айлана турган улуттук биокоопсуздук порталын ишке киргизүү, өнүктүрүү пландары бар.

Кабыл алынган чечимдер, 2026-жылга бекитилген иш-аракеттер планы Кыргызстандын улуттук биологиялык коопсуздук алкагын чыңдоого жана бул жааттагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга берилгендигин көрсөтүп турат.

Источник: https://www.fao.org/kyrgyzstan/news/detail/fao-and-kyrgyzstan-agree-on-joint-2026-action-plan-to-advance-biosafety/ky
Ысык-Көлдө биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүүгө арналган эки күндүк улуттук семинар өттү. Катышуучулар санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдашты.
КененирээкНарын шаарында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча улуттук семинар болуп өттү, анда Картахена протоколуна ылайык мыйзамдарды өркүндөтүү, мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Кененирээк
Бишкектеги улуттук семинарга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана фермерлер чогулуп, биологиялык коопсуздук тутумун жакшыртуу, ГМОну жөнгө салуу жана Кыргызстанда Картахена протоколун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кененирээк