Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
Нарын шаарында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча улуттук семинар болуп өттү, анда Картахена протоколуна ылайык мыйзамдарды өркүндөтүү, мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Бишкек – Биологиялык коопсуздук азык-түлүк коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу айыл чарбасы менен тыгыз байланышта. Тагыраагы, ал саясый, жөнгө салуучу алкактарды, ошондой эле азык-түлүк, айыл чарба, балык чарба жана токой чарба тармактарындагы бир катар тобокелдиктерди башкаруу чараларын камтыйт.
Буга ылайык, 19-июнда Нарын шаарында Картахен протоколуна ылайык биологиялык коопсуздук саясатын жана көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу боюнча улуттук семинар өттү. Семинарды Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Борбордук Азиянын аймактык экологиялык борбору (CAREC) менен биргеликте уюштурган.
Иш-чара 2023-жылдан бери ФАОнун техникалык жардамы жана Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) каржылык колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып келе жаткан “Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасындагы Улуттук биологиялык коопсуздук алкагын ишке ашыруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун максаты - ырааттуу улуттук биологиялык коопсуздук саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну колдоо, ошондой эле өлкөнүн ченемдик жана институционалдык алкагын чыңдоо болуп эсептелет.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө институттарынын, эксперттик коомчулуктун, айыл чарба тармагынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар улуттук биологиялык коопсуздук алкагын ишке ашырууга, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө, мыйзам-актыларын иштеп чыгууга байланышкан маселелерди карап чыгышты. Семинарда генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдердин жана тирүү өзгөртүлгөн организмдердин жүгүртүлүшүн жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулду.
2025-жылы Кыргызстанда “Биологиялык коопсуздук жөнүндө” Мыйзам күчүнө кирген. Мыйзам бул тармактагы укуктук нормаларды аныктап, биологиялык агенттердин таасирине жана заманбап биотехнологиялык продуктыларды колдонууга байланыштуу потенциалдуу тобокелдиктерден коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди бекитет. Семинарды ачып жатып, ФАОнун тирүү модификацияланган организмдер боюнча адиси Абдымитал Чынгожоев мыйзамды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн негиз катары ченемдик укуктук базаны андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Мыйзамдын толук кандуу иштеши үчүн ГМО продукцияларын көзөмөлдөп, жөнгө салуучу бир катар мыйзамдык актыларды кабыл алуу зарыл. Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколу бул жаатта көз карандысыз чечимдерди кабыл алуу укугун берет жана биздин милдетибиз - бул процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу”, – деди Абдымитал Чынгожоев.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар мыйзамдын жүзөгө ашырылышына өзгөчө көңүл бурушту. Айрыкча мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерине, ГМОнун жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө жана мыйзамдарды реалдуу экономикалык шарттарда колдонууга көңүл бурулду. Эксперт Марал Сагыналиева мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда гендердик аспектилерди системалуу түрдө эске алуу жана инклюзивдүү мамилелерди киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Биологиялык коопсуздук маселелери кеңири чөйрөдөгү адамдарга таасир этет. Жөнгө салуу адилеттүү жана натыйжалуу болушу үчүн, ар бир адамдын маалымат алуу жана чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгү бирдей болушу маанилүү”, – дейт Марал Сагыналиева.
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Нарын облусу боюнча эксперти Жамиля Мамбетжанова өз кезегинде мындай пикир алмашуу аянтчалары абдан керек болуп жатканын айтты.
“Нарын мал-жандыктуу аймака кирет, биздин жаратылыш чөйрө өтө ар түрдүү. Ошондуктан, биологиялык коопсуздук маселелери биздин облус үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан мындай семинарлар, бизге, адистерге мыйзамдарды жакшыраак түшүнүүгө жана бийлик менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы диалогду бекемдөөгө чоң жардам берет”, – деди Мамбетжанова.

Мындай семинарларды өткөрүү улуттук биологиялык коопсуздук потенциалын чыңдоого, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү конвенцияга карата Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколунун жоболорун натыйжалуу аткарууга жардам берет.
Источник: https://www.fao.org/kyrgyzstan/news/detail/fao-supports-the-development-of-the-national-biosafety-framework-in-kyrgyzstan/ky
Ысык-Көлдө биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүүгө арналган эки күндүк улуттук семинар өттү. Катышуучулар санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдашты.
КененирээкНарын шаарында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча улуттук семинар болуп өттү, анда Картахена протоколуна ылайык мыйзамдарды өркүндөтүү, мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Кененирээк
Бишкектеги улуттук семинарга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана фермерлер чогулуп, биологиялык коопсуздук тутумун жакшыртуу, ГМОну жөнгө салуу жана Кыргызстанда Картахена протоколун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кененирээк