Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
Ысык-Көлдө биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүүгө арналган эки күндүк улуттук семинар өттү. Катышуучулар санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдашты.
Бишкек – 29-30-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунда “Картахен протоколунун негизиндеги Улуттук биологиялык коопсуздуктун алкактарын ишке ашыруу: санариптештирүү, инклюзивдүүлүк жана ведомстволор аралык кызматташтык” деген аталыштагы эки күндүк улуттук семинар өттү. Семинарды Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (CAREC) менен биргеликте уюштурган.
Иш-чара 2023-жылдан бери ФАОнун техникалык жардамы жана Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) каржылык колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып келе жаткан “Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасындагы Улуттук биологиялык коопсуздук алкагын ишке ашыруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоордун максаты – улуттук биологиялык коопсуздук саясатын ырааттуу иштеп чыгууну жана ишке ашырууну колдоо, ошондой эле өлкөнүн укуктук – ченемдик, институционалдык базасын чыңдоо.
Семинар долбоорду ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарын чыгарууга жана Картахен протоколунун талаптарына ылайык биологиялык коопсуздук боюнча улуттук системаны андан ары өнүктүрүү багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чаранын өзгөчөлүгү буга чейинки жетишилген натыйжаларды көрсөтүүгө гана эмес, кызыкдар тараптардан пикирин угууга багытталганында болду. Өкмөт өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун, органиктердин, дыйкандардын жана коомдук уюмдардын пикирлери улуттук биологиялык коопсуздук системасын андан ары өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштар үчүн негиз болот.
Семинарды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар департаментинин башкы адиси Алымжан Бектемиров Кыргызстан Картахен протоколуна 2005-жылы кошулганын, бирок көп жылдар бою бул документтин алкагындагы иш-чаралар жетиштүү деңгээлде активдүү жүргүзүлбөй келгенин белгиледи.
“Бүгүнкү күндө Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) каржылык колдоосунун, ФАОнун техникалык колдоосунун жана РЭЦЦАнын жардамы менен Кыргызстан улуттук биокоопсуздук системасын өнүктүрүүдө бекем пайдубал түздү. Кыска убакыттын ичинде мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү: Биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзам кабыл алынды, жоболорду иштеп чыгуу аракети жүрүүдө. Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрө жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан ФАОго, РЭЦЦАга жана бардык өнөктөштөргө өлкөбүздүн биокоопсуздугун чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттери үчүн ыраазычылык билдирем”, – деп белгиледи ал.
ФАО долбоорунун менеджери Чолпон Алибакиева бул долбоор Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниси бар экенин баса белгиледи.
“Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылган ФАО/ГЭФтин биологиялык коопсуздук боюнча алгачкы долбоорлорунун бири. Салыштырмалуу кыска мөөнөттүн ичинде биздин биргелешкен аракеттерибиз олуттуу натыйжаларга жетишти: мыйзам чыгаруу базасы жакшыртылып, мамлекеттик кызматкерлердин, лаборатория кызматкерлеринин жана бажы кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылып, дыйкандар менен билим берүүчүлөр окутулуп жатат. ФАО Кыргызстанга биологиялык коопсуздук маселелеринде, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, жаратылыш жана суу ресурстарын башкаруу сыяктуу башка стратегиялык багыттар боюнча дагы колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи. Андыктан долбоордун алдына койгон максаттары ийгиликтүү жетишилет деп ишенебиз”, – деп айтты Чолпон Алибакиева.
РЭЦЦАнын Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Кубан Матраимов долбоорду ишке ашыруу багытында улуттук биологиялык коопсуздук системасынын пайдубалы натыйжалуу түптөлгөнүн жана азыркы семинар келечектеги артыкчылыктарды аныктоодо маанилүү кадам болорун айтты.
“Өлкөнүн институционалдык потенциалын чыңдоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Укуктук-ченемдик документтер иштелип чыкты, ондогон окутуу иш-чаралары уюштурулду, мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун жана аймактардын ортосундагы өз ара аракеттенүү бекемделди. Бүгүнкү күндө биздин негизги милдетибиз - бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин угуу жана кийинки кадамдарды биргелешип аныктоо. Ошондуктан семинар ачык талкуу жана сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу форматында уюштурулду, бул өз кезегинде биологиялык коопсуздук системасын андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот”, – деп белгиледи Матраимов.
Санариптештирүү, маалымат берүү жана инклюзивдүүлүк
Биринчи күнү катышуучулар долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын, Улуттук биологиялык коопсуздук алкагын санариптештирүүнү, анын ичинде улуттук веб-сайтты иштеп чыгууну аны эл аралык Биологиялык коопсуздук боюнча маалымдоо борбору менен интеграциялоону, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга боюнча заманбап ыкмаларды талкуулашты. Коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталып, долбоордун алкагында иштелип чыккан маалыматтык видеолор көрсөтүлдү.
Гендердик теңчилик жана инклюзивдүүлүк аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. ФАОнун гендер боюнча адиси Гузель Бекенова Улуттук биологиялык коопсуздук алкагын ишке ашырууга гендердик мамилелерди интеграциялоо боюнча презентация жасады. Катышуучулар аялдар жана эркектер үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу чечимдерди натыйжалуу кабыл алууга, калктын ар кандай топторунун катышуусун жогорулатууга, коомдук биологиялык коопсуздук саясатын туруктуу ишке ашырууга кандайча салым кошоорун практикалык негизде талкуулашты.
Мындан аркы иштерди жүзөгө ашыруу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу
Семинардын экинчи күнү биринчи күндөн алынган негизги жыйынтыктарды талкуулоо менен башталды. Негизги көңүл ачык диалогго жана улуттук биологиялык коопсуздук системасын андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга бурулду.
Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын, Кыргызстандарттын, Нарын аймактык органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү департаментинин, Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясынын, Талас облусунун Берен айыл чарба кооперативинин өкүлдөрү, ошондой эле Ош технологиялык университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун өкүлдөрү өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Бул формат жер-жерлердеги реалдуу муктаждыктарды талкуулоого, учурдагы кыйынчылыктарды аныктоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук биологиялык коопсуздук алкагын андан ары өнүктүрүү боюнча аналитикалык отчетту, практикалык сунуштарды даярдоодо колдонула турган материалды топтоого мүмкүндүк берди.
Эки күндүк жыйында улуттук биологиялык коопсуздук системасын андан ары өркүндөтүүгө, санариптик куралдарды иштеп чыгууга, ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүгө ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколунун милдеттенмелерин натыйжалуу аткарууга багытталган сунуштар даярдалат.
Ысык-Көлдө биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүүгө арналган эки күндүк улуттук семинар өттү. Катышуучулар санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдашты.
КененирээкНарын шаарында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча улуттук семинар болуп өттү, анда Картахена протоколуна ылайык мыйзамдарды өркүндөтүү, мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Кененирээк
Бишкектеги улуттук семинарга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана фермерлер чогулуп, биологиялык коопсуздук тутумун жакшыртуу, ГМОну жөнгө салуу жана Кыргызстанда Картахена протоколун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кененирээк