Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча улуттук порталы
Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык
Ош шаарында өткөн улуттук семинарга фермерлер, мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп, Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук, ГМОну жөнгө салуу жана улуттук биологиялык коопсуздук механизмин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ош – Биологиялык коопсуздук азык-түлүк, айыл чарба, балык чарба жана токой чарба тармагындагы саясатты, укуктук ченемдик негиздерди жөнгө салууну иштеп чыгууну жана бекемдөөнү талап кылат. 27-мартта ушул багытта Ошто Биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык биологиялык коопсуздук саясатын жана көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу боюнча семинар өттү.
Иш-чараны Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбору (РЭЦЦА) менен биргеликте уюштурду.

Бул семинар ФАОнун Кыргызстанды улуттук биологиялык коопсуздук потенциалын чыңдоодо, ченемдик укуктук базаны жакшыртууда жана бардык кызыкдар тараптардын арасында маалымдуулукту жогорулатууда колдоо көрсөтүү боюнча системалуу ишинин уландысы болду.
2023-жылдан бери өлкөдө ФАО уюму тарабынан Глобалдык экологиялык фонддун каржылык колдоосу менен “Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна ылайык улуттук биологиялык коопсуздук механизмин ишке ашыруу” долбоору иштеп келет.
Бул долбоор Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат жана натыйжалуу биологиялык коопсуздук системасын түзүүгө, жөнгө салуучу жана уюштуруу механизмдерин иштеп чыгууга, ошондой эле генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди (ГМО) жана тирүү модификацияланган организмдерди (ТМО) колдонуу менен байланышкан потенциалдуу тобокелдиктер жана пайдалар жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
“Заманбап биотехнологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөр менен бирге тобокелдиктерди да алып келет, айрыкча тоо экосистемалары жана жергиликтүү жамааттардын туруктуулугу үчүн кооптуу”, – дейт “Кыргызстандын Жашыл альянс” уюмунун башкармалыгынын төрайымы Марал Сагыналиева. “Тобокелдиктерди баалоо жол-жоболорун иштеп чыгуу, продукцияны маркировкалоо системаларын жакшыртуу жана лабораториялык сыноолорду күчөтүү маанилүү”.
Семинарга биологиялык коопсуздук стандарттарын ишке ашырууда алдыңкы сапта турган мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар, эксперттер, лаборатория кызматкерлери жана эң негизгиси, дыйкандар катышты.
Ош облусунун Чоң-Алай районунан келген фермер Дыйканбай Бактыбаевдин айтымында, ага таандык болгон кооператив үрөн өндүрүү жана картошка өстүрүү менен алектенет. Дыйкандар рынокко жогорку сапаттагы жана экологиялык жактан таза продукцияларды жеткирүүгө умтулушат.

“Бул семинар мамлекеттик органдардын, лабораториялардын өкүлдөрү жана эксперттер менен биздин тынчсызданууларыбызды талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Биз мындан аркы ишибизге жардамы тие турган пайдалуу маалыматтарды алдык”, – деди Дыйканбай Бактыбаев.
Семинарда улуттук биологиялык коопсуздук механизмин иштеп чыгуу долбоорун ишке ашыруудан баштап, Биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзамды кошо алганда, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө чейинки кеңири маселелер каралды. Катышуучулар ошондой эле гендердик теңчилик жана социалдык интеграция принциптерин эске алуу менен ГМОну колдонуунун социалдык-экономикалык аспектилерин карап чыгышты жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды белгилешти.

“Улуттук биологиялык коопсуздук механизмдерин ишке ашыруу өлкөнүн азык-түлүк жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат”, – деп белгиледи РЭЦЦАнын Кыргызстандагы филиалынын директору Кубан Матраимов. “Семинар мамлекеттик органдардын, илимий жана лабораториялык уюмдардын өкүлдөрүн жана дыйкандарды чогултту, бул биологиялык коопсуздук маселелерине комплекстүү мамиле кылуу үчүн өзгөчө маанилүү”.

Семинардын практикалык бөлүгүндө катышуучулар топторго бөлүнүнп ГМО жана ЖИОну жөнгө салуу, коопсуз пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу багытында иштешти. Иш-чара улуттук биологиялык коопсуздук механизмин иштеп чыгуу боюнча системалуу ишти улантуу зарылдыгын тастыктады.

Источник: https://www.fao.org/kyrgyzstan/news/detail/fao-facilitates-dialogue-between-farmers-and-experts-on-biosafety/ky
Ысык-Көлдө биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин өнүктүрүүгө арналган эки күндүк улуттук семинар өттү. Катышуучулар санариптештирүү, мыйзамдарды өркүндөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты жана Кыргызстандын биологиялык коопсуздук системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдашты.
КененирээкНарын шаарында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча улуттук семинар болуп өттү, анда Картахена протоколуна ылайык мыйзамдарды өркүндөтүү, мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу жана биологиялык коопсуздуктун улуттук механизмин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Кененирээк
Бишкектеги улуттук семинарга мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана фермерлер чогулуп, биологиялык коопсуздук тутумун жакшыртуу, ГМОну жөнгө салуу жана Кыргызстанда Картахена протоколун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кененирээк